http://www.ktrk.kg/Кыргызстан экономикасынын  керектөө тармагындагы өсүш 1,4 пайызды түздү

Кыргызстан экономикасынын керектөө тармагындагы өсүш 1,4 пайызды түздү

13 Март , 12:03 10788

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө тармагындагы өсүш 1,4 пайызды түздү. Бул тууралуу Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова билдирди. 

Анын айтымында, январь-февраль айларында азык-түлүк жана алкоголдук ичимдиктердин баасы 1% га өскөн. Ошол эле учурда, жашылчалардын баасы 10,4%, алма 7,1%, картөшкө 4,9% жана сүттүн наркы 3,1 пайызга кымбаттаган. 

Таттуу токочтор 2,7%, кум шекер 2%, кондитердик азыктар 1,1% жана ундун баалары 0,5 пайызга арзандаган. Ошондой эле, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон нарк 5 пайызга чейин көтөрүлгөн.

Новости по дате