http://www.ktrk.kg/Жети жаштагы секелек кыздын катуу сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Жети жаштагы секелек кыздын катуу сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

13 Март , 23:45 616

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жети жаштагы кыздын катуу сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бети-башы канталап, денеси көк ала болгон секелек кыздын ооруканада жардам сурап кайрылган тасмасы 12-мартта интернетке тараган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айылынын тургуну экени аныкталып, окуя боюнча кылмыш иши козголду. 


Көк ала болуп сабалып, башынан, колунан жаракат алган 7 жашар кыздын абалын Бишкектеги №3 ооруканада анын жанында жаткан аялдар телефонго тартышкан. Анда кыз аны бул абалга келтирген ким экенин жана эмне себептен сабалганын айтып берген.

Сабалган кыз оор абалда ооруканага 10-марттын таңында тез жардам унаасында милиция менен кошо келген. Дарыгерлер жабырлануучуга баш мээси чайкалган деген аныктама койгон. Ооруканада жаткан кызга 4 күндө эки ирет гана чоң энеси келген. Ата-энеси кабар алган эмес.

Окуя боюнча милиция Кылмыш-жаза кодексинин "Денеге атайылап зыян келтирүү" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Сабалды делген кыз Бишкекке жакын Маевка айылындагы бул короодогу бир бөлмө батирде жашайт. Азыр бөлмөдө эч ким жок. Коңшулардын айтуусунда, секелектин атасы курулушта иштесе, өгөй апасы үй кожойке экен.

Токмоктолгон кыздын бир тууган байкеси бар. Соцкызматкерлер кыздын атасынын биринчи аялы менен да, экинчиси менен да расмий никеге турбаганын билишкен. Социалдык кызматкерлер менен милиция эми кыздын өз энесин издейт. Ошол эле маалда бул окуяга атасынын күнөөсү бар, же жогун иликтеп, кыздын мындан ары кайда, ким менен жашары тууралуу чечим чыгарат. 




Новости по дате