http://www.ktrk.kg/Жылуулук элекрт борборундагы жабдуулардын баалары кызуу талкуу жаратууда

Жылуулук элекрт борборундагы жабдуулардын баалары кызуу талкуу жаратууда

16 Март 2018 , 9:34 10271

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек Жылуулук электр борборун модеринизациялоодо материалдар менен жабдуулардын кымбат баада сатылып алынышы коомчулукта чоң талкууну жаратты. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумунда эл өкүлдөрү долбоорду ишке ашырууда эмнеге 128 видеокамеранын ар бири 14500  доллардан сатылып алынганын айтып, өкмөттү сынга алган. 

Эми ТЭЦтин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу бүгүн, 15-мартта маалымат жыйында сатылынып алынган ар бир аттиш 600 доллардан алынганын билдирип чыкты. Бирок “Электр станциялар” ишканасы видеокамералар 300 доллардан келгенин, мунун ичине аны орнотуу акысы да киргенин айтууда. Деги эле долбоорго сарпталган 386 млн. доллардын канчасы максаттуу колдонулган деген суроо коомчулукта жаралууда. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкүл Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате