http://www.ktrk.kg/Ири өлчөмдө салыкты жашыруу фактысы боюнча иш козголду

Ири өлчөмдө салыкты жашыруу фактысы боюнча иш козголду

19 Март , 1:16 6659

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы "ТяжМашПромТорг" деп аталган компания атайын схемалар менен салыктарды жашырып жүргөнүн ачыктады. Буга чейин УКМК Салык кызматындагы коррупциялык схеманын бетин ачканын кабарлаган. 

Ага ылайык, жасалма документтер менен өлкө бюджетинен 217 миллион сом чыгарылып кеткен. Бул кылмыш боюнча беш салык кызматкери жана "Полларис", "Интеррустрейд" деп аталган ишканалардын жетекчилери камакка алынган. 

Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы "ТяжМашПромТорг" дал ушул схеманын негизинде салык жашырып жүргөнүн аныктап, тергөө иштери башталды.


Новости по дате