http://www.ktrk.kg/Чүй районунда өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланышты

Чүй районунда өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланышты

19 Март , 10:14 1230

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй районунда спортчу Болотбек Абыкай уулунун жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында 11 команданын ичинен Чүй айыл өкмөтүнүн тайпасы 1-орунду камсыздады. 

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «2017-2020-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү» программасынын алкагында жаштарды дени сак жашоого үндөө максатында Болотбек Абыкай уулунун бир туугандары мелдеш уюштурушту. Ага жалпы 11 команда катышып, 1-орунду Чүй айылы, 2-орунду Он Бир-Жылга айыл өкмөтү, 3-орунду Бурана айылынын командалары жеӊип алышты. Жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлык жана ардак баракчалар тапшырылды.

Новости по дате