http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда көчөт отургузуу иштери башталды

Кыргызстанда көчөт отургузуу иштери башталды

22 Март 2018 , 8:35 1357

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаз келип жылдагыдай көчөт отургузуу иштери башталды. Экологдордун маалыматына таянсак, бак-дарактын түрү көп тигилгенине карабай өлкөнүн жашыл зонасы азайгандын үстүндө. Калк жыш жайгашкан шаарда бактардын кыйылышы абанын булганышына алып келсе, аймактардагы токойлордун суюлушу жан-жаныбардын жашоосуна терс таасирин тийгизет. 

Бишкектин “Жашылдандыруу” ишканасы кичи райондун бирине 60 даана четиндин көчөтүн отургузду. Бул кыйылган бактардын ордун толуктоо аракети десек жарашат. Себеби соңку жылдары жарактуу, жараксыз деп четинен кыйылып отуруп көптөгөн бак-дарактын түрү жок болду. 2017-жылы эле баш калаада 2938 даана бак кыйылып, анын 840 даанасы авариялык абалда деп алынган. Союз убагында “Жашыл шаар” атка конгон ордо калаанын көрүнүшү көңүл жылытпайт.

Кыргызстандын жалпы аймагынын болгону 5 пайыздан ашык аянтын токойлор ээлейт. Бул көрсөткүч жыл өткөн сайын ылдыйлап жатканын эл аралык уюмдар, экологдор жана жергиликтүү калк дагы коңгуроо кагып келет. Жаратылыш байлыгына кол салган учурлар көп катталып, мамлекетке келтирилген чыгым аныкталып, атүгүл кылмыш иши да ачылат. Анткени карагайдан пайда табуу, дүйнөдө көмүскө кирешелүү бизнес катары саналат. Тиешелүү адистер мыйзамсыз карагай кыюунун жылчыктары бар экенин мойнуна алды. 



Новости по дате