http://www.ktrk.kg/Жалал-Абад: Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаңы рентген аппараты орнотулду

Жалал-Абад: Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаңы рентген аппараты орнотулду

27 Март 2018 , 2:32 7147

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эгер адамдын ичкен суусу таза болбосо, ар кандай илдеттерге кабылаары маалым. Акыркы учурда дарттарды аныктоодо медициналык жабдыктар өлкөгө алынып келине баштады. Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору жаңы рентген аппараты менен камсыз болду. 

Буга чейин кайрылган бейтаптардын дартын эски жабдык менен аныктоо кыйын болуп келгенин дарыгерлер айтат. Пайдаланууга берилген заманбап аппарат 5 миллион сомго республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынды.



Бул рентген аппарат 1999-жылдан тарып иштеп баштаган. Дарыгерлер муну менен күнүнө 20дан ашуун бейтапты текшерүүдөн өткөрүп келишкен. Бирок аппарат 2014-жылдан тарып бузулуп иштебей токтоп турат. Мындан улам, дарыгерлерге кайра эле мындан да эски үлгүдөгү көчмө рентген аппараты менен иштөөгө туура келген.

Бейтапты дарылоодон мурда дартын так аныктоо зарыл. Жаңы рентген аппараттын жардамы менен сапаттуу дарылоого болоорун дарыгерлер айтат. Автоматташтырылган аппараттар бардыгын өзү аткарат. Тагыраак айтканда, мурдагыдай болуп плёнка колго жуулбайт. Эки курамдуу жабдыктын дагы бир артыкчылыгы көлөмдүү рентген жасоого болот.





Новости по дате