КТРК жардамга муктаж болгон жарандарга кол сунат
6 Апр 2018 , 13:10
7089
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы эми жардамга муктаж болгон жарандарга кол сунат.
Оор дартка чалдыгып, бирок ага каражат таба албай жаткан жарандардын үнүн коомчулукка таамай жеткирип, кол сунуп жардам бергиси келген жарандарга чакырык таштоо үчүн жаңы долбоорду ишке ашырмакчы.
Маал-маалы менен атайын сюжеттер КТРКнын эфирине чыгып турат. Ал "Элим барсынбы?" кайрымдуулук фонду жана KIСB банк менен биргеликте даярдалат.