http://www.ktrk.kg/Тергөө бөлүмдөрүнүн түзүлгөнүнө 55 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу жыйын өттү

Тергөө бөлүмдөрүнүн түзүлгөнүнө 55 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу жыйын өттү

6 Апр , 13:22 13571

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

6-апрелде ИИМдин тутумундагы Тергөө бөлүмдөрүнүн түзүлгөнүнө 55 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу жыйын өттү. Тергөөчүлөрдүн кесиптик майрамы менен Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров куттуктап, майрам ээлерине бекем ден соолук жана иштерине ийгилик каалады. 

Ошондой эле майрамдык иш-чарада кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы жана кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку жыйынтыктарга жетишкендери үчүн “Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматына 55 жыл” деген төш белгиси менен бир катар офицерлер сыйланышты. Белгилей кетсек, бул майрам СССРдин Жогорку кеңешинин Президиумунун Жарлыгы менен 1963-жылы түзүлүп, белгилене баштаган.


Новости по дате