http://www.ktrk.kg/Кыргыз жаранын аткан өзбек чек арачылары боюнча кылмыш иши козголду

Кыргыз жаранын аткан өзбек чек арачылары боюнча кылмыш иши козголду

10 Апр 2018 , 12:03 2819

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстандын чек арачылары тарабынан атылган кыргыз жаранынын окуясы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кылмыш ишин Жалал-Абаддын Аксы райондук ички иштер бөлүмү ачты. 

Эске салсак, Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыков 7-апрелде өзбек чек арачылары тарабынан ок жеп, каза тапкан. Расмий Бишкек окуяга байланыштуу Ташкентке нота жиберген. 

Бул окуяны Премьер-министр Сапар Исаков өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен 8-апрелде телефон аркылуу талкуулаган. Учурда эки тараптын тийиштүү органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.


Новости по дате