http://www.ktrk.kg/Күндүн темасы: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети 12 багытта иш алып барууда

Күндүн темасы: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети 12 багытта иш алып барууда

11 Апр 2018 , 11:07 1230

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл сентябрь айында өтүүчү үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата дүйнөнүн 104 мамлекетине расмий чакыруу жөнөтүлдү. Ал мамлекеттер спорттун 37 түрү боюнча чакырылды. Эркектер арасында 37 спорттунтүрү боюнча мелдештер болсо, айымдар 16 түрүндө беттешет. Ар бир делегациядан спортчу, машыктыруучу, ветеринардык дарыгер, ат багар жана официалдуу өкүлдөрдү кошулуп, максималдуу 223 адамдан ашпаш керек. Бул талаптардан сырткары,спортчулардын жашы 18ден өйдө болуш керектиги коюлган.Алар 2-сентябрда болуучу ачылыш аземине бирдей формада чыгышы зарыл.

Уктурууга 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана уюштуруу боюнча катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова, Тышкы иштер министрлигинин  өкүлү Айымкан Кулукеева, Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Аскаралы Мадаминов катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"




Новости по дате