http://www.ktrk.kg/Жүрөктөн жүрөккө: 10 жаштагы Адылисанын тез арада бөйрөгүн алмаштыруу зарыл

Жүрөктөн жүрөккө: 10 жаштагы Адылисанын тез арада бөйрөгүн алмаштыруу зарыл

11 Апр 2018 , 16:18 3951

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу жаңы кайрымдуулук долбоору иштей баштады. Эми ар бир кыргызстандык жаран дартка чалдыгып, бирок каражаты жоктон айласын таба албай жаткан адамдарга кол сунса болот. КТРК “Элим барсыңбы?” фонду жана өнөктөш банктар аркылуу которулган каражаттардын түз жетишине көмөктөшөт. 

10 жаштагы Адылиса жакшы көргөн китебин окуп жатат, бирок башкалардай болуп мектепте эмес ооруканада. Ал мектеп босогосун аттай элек жатып бөйрөк жетишсиздиги илдетине кабылып, ошондон бери жакшы боло албай келет. Өспүрүмдүн жашоодон үмүтү өчпөй, сакайып, курдаштарынын катарына кошулам деген ниетте.


Адылисага коркунучтуу диагноз коюлган - бала тубаса бөйрөк оорусунан жабыркайт. Өспүрүмдүн ата-энеси жарык дүйнө менен кош айтышкан, жалгыз агасы менен таенеси бар. Үч жыл мурун таенеси небересине бөйрөгүн берип, Түркиядан операция жасалган. Тилекке каршы өткөн күздө жаш организм салынган бөйрөктү кабыл албай, иштешин токтотуп, жакындары эл-журтка жардам сурап кайрылууга аргасыз. Бул илдеттен арылуунун жалгыз жолу - бөйрөк алмаштыруу. Болбосо, жаш балдар көпкө жашай албайт деп билдирет адистер.

Азыр кичинекей Адылисага тез арада бөйрөгүн алмаштыруу керек. Операция кымбатка турат, ошондон улам үй-бүлөсү кайдыгер карабаган мекендештеринен жардам күтөт. Каражатты кантип которуу тууралуу кененирээк маалыматты элимбар.кж сайты, андан тышкары 0772 00-20-15 жана 0771 55-20-25 номурларынан алсаңыздар болот. Жаш балага жашоого мүмкүнчүлүк берели!



Новости по дате