http://www.ktrk.kg/"Кыргыз Туусу": Кыргыз-түрк алакасы кайра жанданды

"Кыргыз Туусу": Кыргыз-түрк алакасы кайра жанданды

13 Апр 2018 , 10:32 1308

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Эл аралык мамиледен тема кылган Кыргыз Туусунан баштайлы. Ал тема Кыргыз-түрк алакасы кайра жанданды деп аталат.  Президенттин иш күндөлүгүнөн орун алган эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча макалалар  2-3 беттеринде арбын жазылды. Кийинки бетинде ошол эле эл аралык мамиледен же президент Сооронбай Жээнбековдун Европасоюзунун институттарына жумушчу сапарынан даярдалган макала  “Иш сапар кызматташууну жаңылоону көздөөдө”деп орун алды. Өкмөттөн алынган кабарларды “Акылдуу шаар” долбоору ишке киргизиле баштады, ТЭЦтеги кырсыктын бир себеби- шалаакылык, жарандарга каршы ок атуучу куралдарды пайдаланууга тыюу салуу каралды деген аталышта окуйсуз.

Эми кийинки гезитке орун берели. Де-Факто да  бүгүнкү санын “Кыргызстан-Түркия мамилеси жанданды” деген тема менен чыгарды. Ошондой эле бул сандан мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин “Менин моралдык күнөөм бар” деп берген маегин, депутат Зиядин Жамалдиновду өзбекстандык фирма сотко береби? дегенди, Абдил Сегизбаев куйругун түйүп кача турган жигит эмес дегенди, Болсунбек Казаков камалды, активист Мавлян Аскарбековго айып тагылды, мегакомдогу мээ чакмай же Базаркуловдун “базары” кызыдыбы? 

Эми кийинки гезит менен уланталы. Мыйзамдын укуругу узун... деген Фабула бүгүнкү санын Казаков камалды, кезекте кимдер?... деген тема менен жарыкка чыгарды.   Бул сандагы майда макалалар Сатыбалдиев ичип-жеп эле кутулуп кете береби?, Текебаев Жээнбековдун камчысы болуп чабылбайт, Абдылдаева менен Мукамбетов ээрге миништи, Казаков ичип-жегенин куссун, Исаковду коргойлу, Абдылдаев Абулгазиевди какатты, Дамирбек Асылбек уулу мандатынан ажыратылат, эки министрдин кимиси калпычы? Калиев качып кете электе камалсын, Алтын чайкоочу комбинатты өрттөп салышты, Калиев качып кете электе камалсын..Чыныбай Турсунбековду  дагы түрмө күтөбү? Жамалдинов жалганчыбы?  Ээн баш элчиге чара көрүлөбү?. деген аталышта орун алды. Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Новости по дате