http://www.ktrk.kg/"Элдик репортер" рубрикасына келген кызыктуу видео жана сүрөттөр

"Элдик репортер" рубрикасына келген кызыктуу видео жана сүрөттөр

14 Апр , 4:50 778

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына көрармандар жөнөткөн материалдарда жол эрежесин бузган айдоочулар тууралуу фото жана видеотасмалар басымдуулук кылууда. Ошондой эле, кыргызстандыктар жол сапаты, тротуарлардын абалы, таштанды сыяктуу күнүмдүк тиричиликте кабылган көйгөйлөрү менен дагы бөлүшүп жатышат. 

Сүрөттөрдү жөнөткөн окурманыбыздын айтымында, көчөдөгү арыктар такыр эле тазаланбайт. Натыйжада жаз келери менен арыктагы суу тротуарга ашып түшүп, өтүүгө таптакыр мүмкүн болбойт калат. Мындай көлчүк топтолгон жерлерди тургундар унаалар өткөн жолго чыгып айланып өтүүгө аргасыз. Бул кичинекей балдар менен коляска сүйрөгөн ата-энелер үчүн өтө эле кооптуу дейт автор. 

Айдоочулардан амал качып кутулбайт окшойт. Бул унаалардын ээлери Рыскулов көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейинки аллеяны унаа токтоотуучу жайга айлантып алган. Аллеяда кичинекей балдар дайым ойной турганын айткан Марат аттуу шаар тургуну жол көзөмөл кызматы бул жакка баш багып койсо деп суранган. Ал буга чейин 112 кызматына маселени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылып, ал жактан эч кандай реакция болбогонун белгилейт.




Новости по дате