http://www.ktrk.kg/Бишкекте эл аралык деңгээлдеги экологиялык форум өттү

Бишкекте эл аралык деңгээлдеги экологиялык форум өттү

15 Апр 2018 , 14:15 4092

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Тоо токой" деген аталыштагы иш-чара, экология маселелерине арналган алгачкы форум. Ага чет элдик жана кыргызстандык окумуштуулар катышып, токойду сактоо жана жакшыртуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөйт. Бүгүнкү күндө аба, суу бузулуп, жер ресурстары кыскарып, мөңгүлөр ээрип жатат. Мунун баары өлкөдөгү токой жана бак аянттарынын азайусунун түз, же кыйыр тиешесинен улам. 

Бул маселе өкмөттүк деңгээлге чыгып, «Жаңы доорго кырк кадам» программасына киргизилген. Анын алкагында программада «Тоо токой» деген өзүнчө бөлүм иштелип чыгып, өкмөттүн 40-кадамы болуп калды. Иш-чаранын уюштуруучуларынын баамында, айлана чөйрөнүн бузулушу социалдык жана саясий көйгөйлөргө алып келүү ыктымалдыгынан улам, тез өсүүчү бак-дарактардын аянтын көбөйтүп, бул үчүн бош жерлерге көчөттөрдү отургузуп, аларды мал-жандыктардан сактоо зарыл болуп турат. 

Жашыл массивдердин көбөйүүсү айлана-чөйрөнүн жакшырышына, органикалык айыл чарба, жыгач иштетүү, экологиялык туризм тармагында кошумча жумуш орундарын түзүүгө, ички жана тышкы миграция көйгөйүнүн чечилишине оң таасирин тийгизет. Демек, экологияны сактоо менен экономикага салым кошууга болот. Ошол эле учурда Кыргызстанда токой иштетүү боюнча тажрыйба бар. 

Союз учурунда Кыргызстан көчөттөр менен бардык союздук өлкөлөрдү да камсыз кылып турган. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын токойчулары калк жайгашкан аймактарды жашылдандыруу үчүн 30 млн. даана ар кандай көчөттөрдү өстүрүшүүдө. Анткени менен мындан он эсе көп өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Демек, Кыргызстан аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн ички булактарга ээ экенин айтып турат.



Новости по дате