http://www.ktrk.kg/Жардамга муктаж Адылисага “Элсом” электрондук капчыгы аркылуу дагы акча которсо болот

Жардамга муктаж Адылисага “Элсом” электрондук капчыгы аркылуу дагы акча которсо болот

18 Апр 2018 , 3:56 6429

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук биринчи каналдын “Элим барсыңбы?” фонду менен биргелешкен “Жүрөктөн жүрөккө” - аттуу кайрымдуулук долбоору өз ишин улантууда. Жаңы кадам таштаган долбоорго кошумча толуктоо киргизилди. 

Анткени буга чейин “Ала-Тоо 24” каналынан бөйрөгүн тез арада алмаштырууга муктаж өспүрүм Адылисанын тагдыры көрсөтүлүп, кайдыгер карабаган адамдар каражатын кантип, кайда жөнөтөөрүн билбей убаракерчиликке кабылган. Адылисага бир аптада болгону 1350 сом которулган. 


Эки бөйрөгү тең иштебей калган 10 жаштагы Адылисага оорукана жарым жылдан бери үйүнө айланган. Гемодиализге күнү түшүп, өмүрү жасалма кан тазалоо аркылуу узартылып, дарыгердин көзөмөлүндө. Ата-энеден ажыраган небересине үч жыл мурун таенеси бир бөйрөгүн берип, Түркиядан операция жасалган. Тилекке каршы ал бөйрөк көп узабай ишин токтотуп, жакындары эл-журттан жардам сурап кайрылууга аргасыз болгон.

Дарыгерлер Адылисанын акыбалы оор, бирок бир калыпта экенин билдирди. Жакында бөйрөгүн берем деген адам чыккан. Бирок, каражаттын тартыштыгы үй-бүлөнүн кендирин кесип турат. Көч бара-бара түзөлөт демекчи, долбоордо өзгөртүүлөр киргизилди. Эми каалоочулар терминалдан “Элсом” электрондук капчыгы аркылуу дагы акча которсо болот.



Новости по дате