http://www.ktrk.kg/Короодо өскөн Айгүл гүлү

Короодо өскөн Айгүл гүлү

19 Апр 2018 , 3:12 391

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жарым кылымдан бери өз короосунда бул гүлдү өстүрүп келген Кара-Булактык Келдибек Балтабаев аны көбөйтүү максатында көрүүчүлөрдөн акы алып баштаган. Антпесе, айрым адамдар келип, гүлдү тепсеп, же, үзүп алышат дейт.

Алгач 3 түп Айгүл гүлү 50 жыл аралыгында саны миңден ашкан. Сейрек кездешкен бул гүлгө эч кандай камкордуктун кереги жок, үзүп же сындырбаса эле көбөйө берет дейт айыл тургуну. 


Келдибек Балтабаевдин короосунун бир чети Айгүл гүлү менен толгон. Жашаган үйү Айгүл тоосуна жакын жайгашкандыктан 50 жыл мурда атасы 3 түп Айгүл гүлүн өстүргөн экен.


Учурда гүлдөрдүн саны 1000ден ашкан. Алардын жарымына жакыны учурда гүлүн ачып турат. Ал эми калганы гүлдөө убактысына жете элек. Анткени өсүмдүк уругунан чыкканда 8 жыл дегенде гана гүл ачат.




Новости по дате