http://www.ktrk.kg/Кыргыз Туусу: Өкмөт отставкага кетти

Кыргыз Туусу: Өкмөт отставкага кетти

20 Апр 2018 , 17:37 1297

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама 

Өкмөт отставкага кетти. Жаңы коалиция аныкталды деген Кыргыз Туусунан баштайбыз. Кечээ көпчүлүк коалициянын курамы “Республика-Ата Журт”фракциясы кирүү менен дагы кеңейди. Муну көпчүлүк коалициясынын мүчөлөрү колдошту. Парламенттеги көпчүлүк коалиция Премьерликке КСДП фракциясы сунуштаган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин жактырды деген маалымат да ушул аталышта камтылды. Президенттин иш күндөлүгүндөгү башка жаңылыктар Чек арада тынчтык болгону зарыл, Банк системасын өнүктүрүү-өлкөнү өнүктүрүүгө өбөлгө деген аталышта орун алды. “КТ”-пресс бурчу: Өкмөт депутаттардын колдоосуна ээ болгон жок, Тогуз Тородогу алтын чыры. 

Фабула бүгүнкү санын Исаков кетти, Абулгазиев премьер-министр болот... деген тема менен чыгарды. Бул тема гезиттин баш макаласы болуп экинчи бетинде орун алды. Темага үндөш же экс- министр Аликбек Жекшенкуловдун – Өкмөттүн кетиши жасаган жана жасабаган иштерине байланыштуу болду деп айткандарын да окуй аласыз. Бул темада орун алган атайын бетте өпөн- чычаң саясат же Өкмөттүн алмашуусунан эмне өзгөрөт деп аталган суроого айрым саясатчылардын пикирлери орун алган. Мындан тышкары бүгүнкү сан Бишкектеги башаламан курулган курулуштарга ким жооптуу деген иликтөөнү койду. Жаз жарыштан сөз кылган айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин  “Мамлекет тарабынан  айыл чарбасын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат деген маеги бар. 

Эми Де-Факто эмнелерди жазды карай кетели. Бугун Де-Фактодон Көчөт чыры Албек Ибаримовду ээрден шыпырабы, ТЭЦтин “акырынан жем жегендер” четтен камалууда, орун басар Данияр Абдыкаров паранжасын качан ачат? Шайыр Касымалиеванын колун сурагандар азыр да бар, маанилүү маселе көтөргөн Марлен Маматалиев, түшкө кирбеген акчаны парага алган Чалбаев, сурак бергенде ооруп калган Шадиев, күн карама депутаттар кууратты, депутат Примов кадимкидей такшалды, Төрөбайдын зоболосу бийиктеди  дегенди окуй аласыз. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Новости по дате