http://www.ktrk.kg/Кыргыз Туусу: “Аймактарды өнүктүрүүгө кол созгон Евробиримдик”

Кыргыз Туусу: “Аймактарды өнүктүрүүгө кол созгон Евробиримдик”

24 Апр 2018 , 11:41 1357

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Жаңырган өкмөт, жаңыүмүттөр деп тема койгон Кыргыз Туусун ачалы. Бул тема жаңы өкмөттүн курамын тааныштырган маалыматка коюлган.Президенттин иш күндөлүгүндөгү кабарларды өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун түрк окумуштуу-биохимик, АКШнын Түндүк Каролина университетинин медициналык мектебинин биохимия жана биофизика профессору, Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар менен жолугушуусунан жазылган  “Мындай окумуштуунун келишинин өзү сыймык” деп аталгандан баштайсыз. КТ-пресс бурчу булирет өкмөт башчы кортежден баш тартты дегенди, карыз чачтан көбөйдү, кантип азайтабыз дегенди, Бүбүйра Кыдыралиевага үй берилгенин, базар жана патент тууралуу, 84 гектар жер тилкесин кимдер кимдерге берген дегенди, 40 жылдан бери иретке келбеген Ош шаарындагы таштанды жай тууралуу жазды.

Деңгээлин биле жүрсө деген Фабула  “Мавр” өз ишин аткарды... деп депутат Бакыт Төрөбаевдин сүрөтүн коюп жаңы санын тартуулады. Гезит койгон теманы 3-беттен окуйсуз. Алгачкы бетинде орун алган көлөмдүү макала Исаковдун өкмөтүнүн отчетун Абулгазиев кантип өткөрөт? Дубалайбы? деп аталды.Майда макалалар Мэрди казып башташат, Алтынбек Сулайманов кыйын экен, Жакында Абдыгулов, Марипов иштен айдалабы, Жапаровдун айтканында данек бар деген аталышта орун алды. Ошондой эле бул сан премьерлердин парадын тизди. Эгемендик алгандан бери өкмөт башчылардын кайсы жылы келип, канча убакыт отурганын тизмектеген. Булардын ичинде эң аз 1 күн өкмөттүн милдетин аткарганга жетишкенида бар. Андан тышкары эң көп премьер-министр болуп отургандары бар. Ал эле эмес бир эмес эки жолудан да өкмөт башчы болгонго жетишкендери бар. Кызыксаңыз,сүрөттөрү менен коюлган. Кимдер кайсы жылы келгенин эсиңизге салыпалсаңыз болот экен. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате