http://www.ktrk.kg/Армениянын премьер-министри Серж Саргсян кызматтан кетти

Армениянын премьер-министри Серж Саргсян кызматтан кетти

24 Апр 2018 , 13:13 5332

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Армениянын премьер-министри Серж Саргсян кызматтан кетти. Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министр болуп шайланган. Анын кайра бийликке келишине каршы нааразылык акциялары 11 күндөн бери тыйылбай жаткан. 

Митингчилер Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылышкан эле. Дүйшөмбүдө Еревандын көчөлөрүнө чыккан миңдеген адамдарга ондогон аскердик кызматкерлер да кошулган. 

Ал эми Оппозиция лидери 25-апрель, шаршемби күнү “Марриот Армения" мейманканасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетян менен “бийликти тынч өткөрүп берүү маселеси” боюнча сүйлөшүүлөр болорун билдирди.



Новости по дате