http://www.ktrk.kg/Ак-Ордо конушуна жаратылыш газы бериле баштады

Ак-Ордо конушуна жаратылыш газы бериле баштады

24 Апр 2018 , 16:40 833

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин чет жакасындагы конуштарды газ менен камсыз кылуу иштери өз нугунда жүрүүдө. Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушуна жаратылыш газы берилип, 14 миңге чукул үй-бүлө экологиялык таза отун менен камсыз болушту.


Жаңы конушка газ түтүктөрүн орнотуу жана газдаштыруу иштери “Газпром Кыргызстан” ишканасынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашты. Жалпы узундугу 66 жарым миң чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү өткөргүчтөрдүн курулушуна жалпы 250 млн сом сарпталган.

Гулзар Молдакматованын үй-бүлөсү Ак-Ордого жаңы конуш жаңыдан түптөлө баштаганда эле көчүп келишкен. Андан бери электр жарыгы далай ирет өчүп, суукта жарык же жылуулук жок калган күндөрдү баштан өткөрүштү. Эми көгүлтүр оттун берилиши менен, ашканага да, жылуулук үчүн да газ түтүктөрүн киргизип, келээрки кышты сары санаасыз тособуз деп турат.


Ушул кезге чейин бул конуштагылар кышкысын көмүр менен же электр менен үйлөрүн жылытып келишсе, учурда эми газ аркылуу жылытууга мүмкүнчулүк түзүлдү. Бул үчүн атайын көгүлтүр от аркылуу жылытуучу жабдыктар бар. Ал гана эмес мындай жабдыктарды чет өлкөдөн кымбат баага сатып келип отурбай, ата мекендик өндүрүштөн чыккан газ менен жылытуучу мештерди алууга болот. 





Новости по дате