http://www.ktrk.kg/Кытайда жол эрежесин бузган жөө адамдарга өзгөчө жаза каралууда

Кытайда жол эрежесин бузган жөө адамдарга өзгөчө жаза каралууда

25 Апр 2018 , 14:34 5512

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайда кызыл күйүп турганда жолдон өткөн жөө кишилер үчүн өзгөчө жаза каралууда. Анда жол эрежесин бузгандарга атайын орнотулган жабдуулардан суу чачыратылат. 

Жаңы система Хубэй провинциясындагы Дайе шаарында колдонула баштады. Мындан тышкары, жабдуу эреже бузган кишини сүрөткө тартып, аны полицияга жөнөтөт. Ал жерде кишинин ким экени такталып, ошол кесилишке орнотулган экранга аты-жөнү чыгат. Ал эми Кыргызстанда да ушуга окшогон системалар иштесе кандай болмок? Кырсыктарды азайтууга салым кошобу?

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Новости по дате