http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда сөз эркиндиги кандай деңгээлге жетти?

Кыргызстанда сөз эркиндиги кандай деңгээлге жетти?

3 Май 2018 , 9:47 873

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун расмий сайты Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн болуп жаткан бир катар позитивдүү кадамдар тууралуу билдирүү жарыя кылды. Анда Президент Сооронбай Жээнбековдун апрель айында журналист Кабай Карабековго салынган айыптан баш тарткандыгы тууралуу пикири айтылып, бул кадам мамлекеттик чиновниктер үчүн маанилүү экендиги белгиленет. 


Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун жалпыга маалымдоочу каражаттары маселелери боюнча өкүлү Арлем Дезир, Кыргызстандагы акыркы учурда болуп жаткан сөз эркиндиги тууралуу кадамдарды кубаттай тургандыгын айтып чыкты. Уюмдун сайтына жарыяланган билдирүүнүн кыргызчага которулган тексттин келтирели.


Ошондой эле Арлем Дезир “24.kg” маалымат агенттигинин журналисти Кабай Карабековго 2017-жылы ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков тарабынан диффамация үчүн доо арыз түшкөнүн эскертет. Муну менен катар ал, Кыргызстандын бийлигин дагы бир кадам жасап, Нарын Айып жана Zanoza.kg сайтына каржылык доолордон баш тартууга чакырык жасап кеткен. Себеби дооматтарда өзгөчө чыгымдар сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет деген пикирин кошумчалаган.



Новости по дате