http://www.ktrk.kg/Күндүн темасы: Төрөт үйлөрүндө наристелердин коопсуздугу үчүн кандай чаралар көрүлөт?

Күндүн темасы: Төрөт үйлөрүндө наристелердин коопсуздугу үчүн кандай чаралар көрүлөт?

4 Май , 18:25 639

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларга остеомиелит инфекциясынын жугушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул коомчулукта чоң талкуу жаратууда. Төрөт үйлөрүндө наристелердин коопсуздугу жана ар кандай жугуштуу оорулардан алыс болушу үчүн кандай чаралар көрүлөт? Жаңы төрөлгөн наристелердин саламаттыгы үчүн төрөт үйлөрүндө жоопкерчиликти ким алат? Төрөт үйлөрүңдөгү  мындай маанилүү маселелер “Күндүн темасы” программасында талкууланды. 

Уктурууга КР саламаттыкты сактоо министрлигинин эне жана баланы коргоо боюнча консультанты Адиль Эрманбетов, КРСУнун доценти, медицина илимдеринин кандидаты Кочконов Досойбек Сулайманкулович, Эне жана баланы коргоо Улуттук борбунун врач-неонотологу Жайлобаева Айгуль, ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемилогиялык көзөмөл департаментинин врач-эпидемиологу Жалимбекова Алтынай Маралбековна  катышты.

Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"



Новости по дате