http://www.ktrk.kg/Саналуу күндөрдөн кийин кыргызстандыктар Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын белгилешет

Саналуу күндөрдөн кийин кыргызстандыктар Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын белгилешет

6 Май , 0:38 9492

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Азыркы учурда 9-майга карата даярдыктар толук кандуу жүрүүдө. Улуу Ата Мекендик согуш дүйнөлүк 2-согуштун маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даң орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. Согушта 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон. Мунун өзү фашисттик Германияны жеңүүдө кыргызстандыктардын салымы кандай болгонунун көрсөткүчү.

Бул согуш талаасында көрсөтүлгөн эрдик. Ошол эле учурда тылда эмгектенип, фронтко жөнөтүлгөн жардам канча болгон. Согуш жылдары айыл чарбасынын түйшүгү аялдардын, балдардын жана кары-картаңдардын мойнуна жүктөлгөн. Ошол күндөрдөгү оор кыйынчылыктарга карабастан фронттогу аскерлерди азык-түлүк менен, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылууда чоң кайратмандыкты көрсөтүшкөн. Кыргызстандын айыл чарбасынын дүң жыйымы 1940-1945-жылдары 76 пайызга, анын ичинде мал чарба продукциясы 71 пайызга томондогон. Кыргызстандан фронтко 195 вагон азык-түлүк, 550 мин жылуу кийим, 38 миңден ашуун жекече посылкалар жөнөтүлгөн.

9-май Улуу жеңиш күнүндө быйыл дагы “Өлбөс полк” өнөктүгү өткөрүлмөкчү. Миңдеген кыргызстандыктар анда согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп, аларды эскерүү максатында бир канча чакырымга жөө басышат. Кененирээк кабарчыбыз Уланбек Дыйканбаевдин материалы.


Новости по дате