http://www.ktrk.kg/Жеңиш майрамына даярдыктар

Жеңиш майрамына даярдыктар

7 Май 2018 , 16:09 487

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте Улуу Жеңиш майрам күнү болчу митинг-реквиемге даярдык иштери аягына чыгып калды. Ушул күндөрү майрамдын урматына карата уюшулган иш-чарадагы бардык учурлар кылдаттык менен алдын ала такталып жатат. Фашисттик баскынчылардын үстүнөн болгон Жеңиш майрамы жыл сайын Жеңиш аянтында өткөрүлүп келет. 

Чакан парадга Бишкек гарнизонундагы күч түзүмдөрүнүн аскерлери бир нече күндөн бери камылга көрүүдө. 9-май күнү өчпөс отко гүлчамбардын коюлушунан тарта, ким эл алдына чыгып сөз айтат, катар тизилген аскерлер кантип басат деп баардыгы эске алынган. 

Улуу Жеңишти даңазалаган дагы бир көрүнүш, бул “Өлбөс полк” жүрүшү. Саат 10:00до, түштүк дарбазадан башталган жүрүш, убакыт боюнча Жеңиш аянтындагы иш-чараны аяктай келип токтойт. 9-майда Жеңиш аянтындагы саамалык согуштун ардагерлери жана Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтөт. 

Андан тышкары Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү, аскердик атташелер жана шаар коноктору келишет. Митинг-реквиемден соң, салтка айланган ардагерлерди сыйлоо жөрөлгөсү уланат.

Новости по дате