http://www.ktrk.kg/"Кыргыз Туусу": Улуу Жеңишке 73 жыл

"Кыргыз Туусу": Улуу Жеңишке 73 жыл

8 Май 2018 , 5:37 1770

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма  бөзгө баяндама 

Улуу Жеңишке 73 жыл. Жеңиш туусу желбиреген улуу күн.  Ардагерлердин акыл-насааты ар дайым керек деген темалардын алдында жарык көргөн "Кыргыз Туусунан" баштайбыз. Жеңиш күнүнө арналган материалдар 8-10-11-беттерде орун алган. Улуу күндү жараткан аталардын эрдиги туурасында окуяларды камтыган кенен макалалар жарык көргөн.  Жеңиш күнүнүн алдында президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровго учурашып  келгени туурасында да маалымат мына ушул алдыңкы бетинде.

Ак карга деп, "Фабула"  жаңы санын кат жазды бала атага, жаздыңбы эми актанба!.. деген тема менен чыгарды. Бул сандан сагызгандан сак Шадиев бул жолу тутулдубу же чет өлкөгө качып куулдубу дегенди, же качып кеткен Шадиевдин байлыгы башайлантат деген макаланы окуйсуз. Темага үндөш же бул адамдын 25 банктагы эсеби,ал 50 жана 100 пайыз ээлик кылган 10 чакты ишканасы, бир нече турак-жайы жана автомашинасы камакка алынганы туурасында маалыматка “Аскарбек Шадиев эбегейсиз көп байлыкты кантип, кайдан топтогон” деген суроо менен айрым белгилүү жарандардын ойлоруна орун берилген. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Новости по дате