http://www.ktrk.kg/"Де-факто": Самаков кимдин санаасын бузууда?

"Де-факто": Самаков кимдин санаасын бузууда?

11 Май 2018 , 10:25 3105

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз


Басма сөзгө баяндама

Мыйзамдын укуругу узун деп, бүгүн "Фабула" Маманов менен Воинов камалды деген теманы койду. Мыйзамдын укуругу узун деген сөз кийинки бетинде орун алган баш макалага же "ТЭЦтеги чырдан кимдер кутулуп, кимдер тутулат” деген аталышка да жазылды. Гезиттин бул баш макаласы Жогорку Кеңеш кечээ ТЭЦти модернизациялоо долбоорун иликтеген депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусун жарыялаган парламенттеги жыйындан даярдалды. Майда макалалар Сабировдун мыйзамына соодагер депутаттар каршы, Маманов менен Воинов камалды, премьер-министр эл менен кеңешип иштегиле деди, “Райым миллион” бажыга келсе таң калуунун кажети жок, Салянова элди ойлой баштады, коррупция менен күрөш Турсунбековду кыйгап өтпөш керек, Муратбеков иштен кеткени калды деген аталышта орун алды. 

"Кыргыз Туусу" бүгүнкү санын Улуу Жеңишке 73-жыл деп, Түбөлүгү түз-“Түбөлүк полк” деген теманын алдында чыгарды. Жеңиш күнүнө арналган макала баяндар арбын. Бул тема президенттин иш күндөлүгүндө да орун алды. “КТ”-пресс бурчу- Кыргызстанга да иштеп, акча тапканы келишет дегенди, “Макмал алтында” алтын запасы түгөнүүдө... дегенди, Бишкекте үч эм төрөлгөнүн, Иран депутаттары парламентте АКШнын желегин өрттөп жиберишкенин, Путинге келе албаган ардагерге Путин өзү депутаттарга козголгон кылмыш иши тууралуу, камактагы Текебаевдин иши каралашы керекпи деген суроодо, экс- президент менен азыркы президенттин ортосундагы саясий тиреш барбы дегенге жана Аскар Шадиевдин маселеси боюнча ойлору менен бөлүшкөн. Өкмөт угаар бекен деген гезит “Ош базарда товары күлгө айланган жабырлануучулар өкмөткө нааразы” деген теманы коюп, жабырланучуулардын айткандарын жарыялады. 

Де-факто Самаков кимдин санаасын бузууда? деген тема менен жарык көрдү. Жаңы сан Калыс Жумаканов ветеренария тармагын жарга кептеди деген, Нурлан Шакиев Алина Шаикованы тааныбайт экен деген, Кожобек Рыспаевге Осмонбек Артыкбаев жалдырап суранган деген,  МЧС министри Нурболот Мирзахмедов концертке барбайт деген маалыматтар орун алганын биринчи бетинде жарнамалады. Алдыңкы бетинде орун алган Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнө карата 9-май күнү Кыргызстандын бүткүл аймагында “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулганын, Бишкек шаарында 50 миңден ашуун киши чыгып, экинчи дүйнөлүк согуштагы фашизмди жеңген баатыр аталарыбыз эскерилгенин баяндаган макала “Президент Сооронбай Жээнбеков 9-майда “Өлбөс полкту” өзү баштады...” деп аталды. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате