http://www.ktrk.kg/Оңдоо иштерине байланыштуу айрым коомдук транспорттун багыты өзгөрөт

Оңдоо иштерине байланыштуу айрым коомдук транспорттун багыты өзгөрөт

11 Май 2018 , 9:59 971

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Манас проспектисинин Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү оңдолуп жаткандыктан, айрым коомдук транспорттун багыты өзгөргөнүн мэрия билдирди. №111, 134, 137, 212 кичи автобустар Чүй проспектиси менен эки тарапка тең каттайт. №167, 186, 184 маршруттук каттамдар жана №22 автобус Исанов көчөсү менен келип Чүй проспектиси аркылуу жүрөт. 

Ал эми кайтып келе жатканда Чүй проспектиси менен келип, Тоголок Молдо аркылуу кетет. Ошондой эле түндүк-чыгышты көздөй №176 жана түштүктү карай №150 кичи автобустар Турусбеков көчөсү менен каттайт.

Новости по дате