http://www.ktrk.kg/Фабула: "Бийлик Кулматовдон кутулду, Исаков тутулабы?"

Фабула: "Бийлик Кулматовдон кутулду, Исаков тутулабы?"

15 Май 2018 , 10:52 1329

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Сыноо деген "Фабула" жаңы санын Бийлик Кулматовдон кутулду, Исаков тутулабы? деген теманын алдында чыгарды. Бул тема Саясий куугунтуктун карааны деген макалада уланат. Муфтий Максат ажы Токтомушев “Курт түшкөн алманы ыргытып жиберген болбойт” деген аталышта маек курду. Бул сандан Орозо айы качан башталат дегенден кенен маалымат аласыз. Ошондой эле бүгүнкү сан Кашкар мырзага кулак кагыш дегенин жарыялады. Кимдер жөнүндө сөз болду деп кызыксаңыз бул аталышка да карап алыңыз. Андан ары “Айтматовдун чыгармалары жылдыздардай жарк этип көрүнөт...” деген аталышта академик, белгилүү адабиятчы Абдылдажан Акматалиев маек берген. 

Бүгүн "Кыргыз Туусу" Евразиялык кеңештин жыйынынан даярдалган Бирлик, демек, биргелешип деген теманын алдында жарык көрдү. Аталган макала президенттин иш күндөлүгүнөн орун алып, өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Сочи шаарындагы жолугушуулары менен толук тааныштырды. Өкмөттөн алынган жаңылыктардан да окуп алыңыз. Өкмөттүн жыйынынан жазылган бул макала премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин “ Электр тарифин кымбаттатпайбыз” деп айткан сөзү менен аталды. Кырсык айтып келбейт деген гезит премьер-министрдин 14-майда тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен Баткен облсунун Лейлек районундагы сел кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөргөнүн, селден коргонуу жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын баяндаган дагы бир өкмөттүк макала орун алды. Улуттук Банкта же сомдун 25 жылдыгына карата уюштурулган атайын бет бар.

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате