http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Аксы районунда жүргөн сел тургундарды көп чыгымга учуратты

Элдик репортер: Аксы районунда жүргөн сел тургундарды көп чыгымга учуратты

15 Май , 14:33 1890

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына Мундуз айылынын тургуну Нармырзаев Алтынбек видео тартып жөнөткөн. 

14-май күнү Аксы районунун, Кош-Дөбө айыл аймагынын Мундуз, Таш-Жар, Семет, Жаңгак айылдарында катуу жааган жамгырдан улам жүргөн сел элди көп чыгымга учуратты. Жаан 12:30 дан 17:30 га чейин жаады. Райондун борбору Кербен менен жана айыл аймагынын борбору Кош-Дөбө менен транспорттук каттам үзүлдү. Болжол менен 4 чакырым жолду сел алган. Уйлардын сууга акканы айтылууда. Төмөнкү видеодо селден бир көрүнүш.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате