http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдө айтылуу Жети акени эскерүү иш-чарасы өттү

Ысык-Көлдө айтылуу Жети акени эскерүү иш-чарасы өттү

15 Май , 8:36 2032

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын тарыхында бийликте атайын даражасы жок, бирок кадыры, адеби, жасаган жумушу менен элдин атасы аталган жети аке бар. Алар 18-19-кылымдардагы кыргыздар үчүн татаал мезгилде эл арасынан суурулуп чыгып, өздөрүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы жана көрөгөчтүгү менен ич ара уруулардын биримдигин сактап, коңшу мамлекеттер менен ынтымакты сактап кала алышкан. 

Өткөндү билбей, келечекке ишенимдүү кадам таштоо мүмкүн эмес - дегендей айтылуу жети аке өткөн Ысык-Көлдө аларды эскерүү иш-чарасы өттү.



Жети акени эскерүү иш-чарасы Жети-Өгүз районунун Оргочор айылындагы Сарт аке менен Тилекмат акенин айкелине гүлчамбар коюу менен башталды. Кыргызстандын бардык аймагынан чогулган Жети акенин урпактары, эскерүү күнүнүн коноктору, Ысык-Көл облусунун тургундары эстеликке ызаат көрсөтүшүп, куран окушту.

Андан кийин иш-чаранын катышуучулары Тилекмат айылындагы маданият үйүнө чогулушту. Жылкыайдар уулу Тилекмат аке тууралуу документалдуу тасма көрсөтүлдү. Кыргыз эли оош-кыйыш учурду башынан өткөргөн 18-19-кылымдарда уруулардын биримдиги, тышкы дүйнө менен ынтымагы, чек аралардын сакталышында Жети акенин орду эбегейсиз. 






Новости по дате