http://www.ktrk.kg/"Кыргыз Туусу": С. Жээнбеков-“Сот системасын өзгөртүү–коомду өзгөртөт”

"Кыргыз Туусу": С. Жээнбеков-“Сот системасын өзгөртүү–коомду өзгөртөт”

18 Май 2018 , 10:33 1276

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Ногойбаев ноюбаган ноёнбу? деп тема койгон "Де-Фактодон" баштайлы. Коюлган темакийинки бетинде Ногойбаев сүттөн акпы? деген аталышта сөз болот. Мына ушундай макаланын катарында Паспорт соодасын “патенттеген” Шаикова эми кантет? Сүйүн Өмүрзаковго сүйкөнбөй эле коюшса, Бозулан неге бозорот ыя?  Исаков тутулуп, Ахметова кутулабы? Учурунда унчукпаган, кеткен соң “кепшеген” Исках Масалиев, Арабаев акыры кетти, анын кетишин соттор “сок” менен эле майрамдашкан жок, адилеттүүлүктүн алдында баардыгы чөгөлөөрүн унуткан Нурмат Исраилов, тойгончо жегендер кусабы же аты гана  “соттолду” менен кутулушабы?Кырсыкпы, кокустукпу, айтор жаш жигиттин өлүмүнө Алимбеков “АА” дебеди... бажы башчы Оңолбеков ороң эткен эргулбу? Акылдуусунган Сатыбалдиевди Сулайманов сумсайтты деген аталышта орун алды.  

"Кыргыз Туусу" “Сот системасын өзгөртүү –коомду өзгөртөт” деп өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун сөзү менен атаган темадан баштады. Бул тема соттук реформа боюнча кеңештин жыйынынан даярдалган, Мамлекет башчынын сүйлөгөн сөзү толугу менен басылды. Дагы бир маалыматты карай кетели. Өлкө башчысы кол койгон жарлыкка ылайык көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1354 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 454 эне-“Эне даңкы медалы менен сыйланат. Темага үндөш же Энелердин күнүнө карата “Энелерибиз дайым маңдайыбызда болсун” деген макала орун алган.  

Бүгүн "Фабула" “Чукушмай аяктады, бутага Сапар Исаков алынды...” деген тема менен жарык көрдү. Теманын алдында орун алган макалада парламент ТЭЦ чыры боюнча токтом кабыл алганы жазылды. Темага байланыштуу майда макалалар Эң ириде Иманалиев жооп берсин, Кокуйлаган Кожобек дагы жооп берсин, Воропаевдин орду түрмөдө болуш керек эле го... майдачыл, кекчил депутат Матраимов, ТЭЦти жаңылоодо Кыргызстандан эсеп ачылган эмес, №1 рецидивист ким экени билинди же Жантөрө Сатыбалдиев “Күнөөкөрлөрдү бүгүнтөн баштап камашыбыз керек же Алтынбек Сулайманов, түшүнөн чочуду же Азис Турсунбаев деп аталды. Гезиттин Түрмөдө отурсун, компенсациянын балакетин алабы деген аталыш ТЭЦтин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулуна карата коюлду.

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате