http://www.ktrk.kg/"Фабула": К.Кулматовго кылмыш иши козголуп, үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

"Фабула": К.Кулматовго кылмыш иши козголуп, үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

22 Май 2018 , 10:28 1471

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Коррупция жыттанат...деп бүгүн "Фабула" “Илмияновго таандык делген “Ихлас”курулуш компаниясынын иши чатак” деген тема менен жарык көрдү. Гезиттин баш макаласы Оомал-төкмөл дүйнө... же “Саткындар” жана мырзалыгын далилдеген Сапар Исаков деп аталды. Майда макалалар менен толтурулган биринчи бетинен Шадиев Сулаймановдун тактикасын колдонобу? Кулматовго кылмыш иши козголуп, үйүнө тинтүү жүргүзүлдү, Сариев каңырык түтөттү, Мэр иштен кетсе кылмыш иши козголобу? Үмүткө суу себилбесе экен.., Бажы тармагы “Райым миллиондун” менчигиби? Жээнчороев Жээнбековго коңгуроо какты..дегендерди окуй аласыз. Бул бетте орун алган дагы бир чакан макала Кайдигерлик же “кетээр кыздын кербези” деген Экотехинспекциясынын жетекчиси Канат Муратбековго карата жазылды. Ошондой эле бул сан “Кыргызалтын”мекемеси “Талды Булак” сол жээк кен чыккан жерде террорчулукка каршы машыгууларды өткөргөнүн да кабарлады. Фабуланын бүгүнкү саны Министр Кудайбердиеванын кыргыз тил жана адабиятынын саатын кыскартуусу кыянатчылык эмеспи? деген суроону коюп, ага айрым инсандарын пикирин жарыялады. 

Расмий гезит "Кыргыз Туусу" Бар болуңуздар, баатыр энелер деген позитивден баштады. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Энелер күнүндө көп балалуу энелерди “Баатыр Эне” ордени менен сыйлаган учур жана президенттин Баладан-урмат, элден-сый, жашоодон  жыргал көрүңүздөр, урматтуу энелер! деген куттуктоо саптары орун алган. Өкмөттөн алынган маалымат премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин “Палестина Израиль жаңжалы эл аралык мыйзамдардын чегинде чечилерине ишенем” деп Стамбул шаарында өткөн Ислам кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитинде сүйлөгөн сөзү менен аталды. Ушул эле жерде 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар жүрүп жатканы туурасында маалымат тактап айтканда Ысык Көл районунда жолдордун курулушу, Чолпон-Ата ипподромун реконструкциялоо боюнча иштер аткарылып жатканын, ошону менен катар суу менен камсыздоо, жогорку ылдамдыктагы интернет жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери чечилип жатканын кабарлаган макала да бар.

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате