http://www.ktrk.kg/Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн

23 Май 2018 , 7:27 871

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

24-майда түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Аталган аймактарда аба ырайы 2 градуска чейин төмөндөйт. 

Ал эми 23-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

ӨКМ нөшөрлүү жаанга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын тоолуу аймактарына жакын айылдарды селден этият болууга чакырат. 

Новости по дате