http://www.ktrk.kg/"Азия Ньюс": Кадырбаевдин орду кимди түйшөлтүп жатат?

"Азия Ньюс": Кадырбаевдин орду кимди түйшөлтүп жатат?

24 Май 2018 , 13:41 4653

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көрчү "Азия Ньюс" Кулматовдун 1 миллион доллар,100 миллион сом жегени маалымдалды. Бирок бийликти тоготуп да койгон жок-  деген тема менен жаңы санын тартуулады. Саясаттан арбын жазган гезит биринчи бетине: Эми кетирген катасы үчүн Тазабек дагы үч ай орозо кармашы шарт дегенди, Ош губернатору Таалайбек Сарыбашевдин диплому жасалмабы дегенди жана Нариман Түлеевди кимдир-бирөө түйүлтө коркутканбы? деп аталган чакан макаланы койду. Ушундай эле саясат бурчу Манас кетсе Алманбет бар, Жаныш менен Максимдин схемасы ишке ашууда, Кулматов менен Шадиев куда болордо кылмыш иштерине кабылышты, генерал Жусубалиевдин ити чөп жээсин, Жумалиев, Нышанов, Мадеминов –туруксуз кошоматчыларбы? Икрамды “ийлесеңер иттей кызык иштер ачылмак, Кыргыз Эл Баатыры даражасын сүрсүтүп”,баркын да кетирдик, кайрымдуулук ишиң менен мактансаң, ал соопчулукка жатпайт! дегенди да жазды. Улут көйгөйунөн маек деген гезит “242 миллион сомду иштете баштадык...” деген аталышта тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевдин кыска маегин басты.

Бүгүн "Ачык Сөз" жаңы санын  “Булардын чоо-чайын кимиңер билесиңер”- деп лидер аталган адамдардын сүрөттөрүн койгон темадан баштады. Бул тема гезиттин кийинки бетинде Лидерлерди тааныбай деле калдык деген аталышта уланат. Ушул эле алгачкы бетинде Кадырбаевдин орду кимди түйшөлтүп жатат? Чүүш, крыша келатат, Чукул бурулуштун каармандары ким болот? деген макалалар орун алган. Туура баа берүүгө  кез да келет деген гезит Экс президенттин тушунда жасалган айрым иштерге токтолгон  баянга орун берди. Макала Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстандын кадыр-баркы өстү деп аталды. Андан ары Мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн курман болгон өлкөбүздүн эр азаматын эстен чыгарбай эскере жүрүү ар бир муундун милдети деген репрессиянын курмандыктары туурасында жазылган профессор Октябрь Капалбаевдин “Эл баатырларын эскерип” деген макаласы орун алган. 

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате