http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Кербен шаарындагы кабат үйлөрдүн ортосунан орун алган таштанды

Элдик репортер: Кербен шаарындагы кабат үйлөрдүн ортосунан орун алган таштанды

28 Май 2018 , 9:50 757

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына таштанды көйгөйү менен кайрылгандардын аягы бүтчүдөй эмес. Бул жолу  Кербен шаарынын тургуну ушул маселени көтөрүп чыккан. 

Кербен шаарынын Тынчтык кичи районундагы кабат үйлөрдүн ортосунда топтолгон таштанды жылдап тазаланбай жатат. Жашоочулардын башка жерге барып төгө турган жайы жок. Жылдап чогулган таштандынын айланасында кичинекей балдар ойноп жүрүшөт. Кербеш шаар деген статус алганы менен, тургундарынан тиешелүү шарттарды түзүп бере алган жок. Айыл өкмөтүнө справка сурап барсаң, таштандыга деп сөзсүз 200 сом акча кармайт. Бирок тазалатуу тууралуу аракети да жок,-дейт шаар тургуну.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате