http://www.ktrk.kg/"Кыргыз Туусу": Президент УКМКга коррупция боюнча иштерди аягына чыгарууну тапшырды

"Кыргыз Туусу": Президент УКМКга коррупция боюнча иштерди аягына чыгарууну тапшырды

29 Май 2018 , 11:00 1577

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Жөргөмүш ыйлаганда...деген "Фабула" бүгүнкү санын Бажыдагы кыйсыпыр, Матраимовдун масштабдуу коррупциялык схемасы... деген тема менен чыгарды. Коюлган тема гезиттин кийинки эки бетине толо жазылып, "Жерден жик чыкты, эки кулагы тик чыкты" деп, макаланы Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда ишмердүүлүгү мамлекеттик саясатка ылайык келбейт деген негизде, атайын статья менен бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду иштен алганын, ошондон кийин “Райым миллион” каймана аты менен таанымал бажы тармагынын көшөгө артындагы “серый кардиналы” чээнге киргендей жарым жыл ың-жыңсыз болду деген, коомчулук качан камалат деп кулак түрүп, кабар күттү, тилекке каршы абактан орун алчу Матраимовдун кулагы кайрадан Бажы тармагынан чыкты деген саптар менен баштады. Бул көлөмдүү макала Чүлүктөлгөн бийлик, кыргыз өкмөт дүйнөгө шерменде болгону турат.. жөргөмүш ыйлаганда...Райымдын атын укканда титирешкен бажы кызматкерлери... бажыдагы кыйсыпыр, арманы аттын башындай ишкерлер деген майда темаларга бөлүнүп жазылды.

"Кыргыз Туусунан" Президент УКМКга коррупция боюнча иштерди аягына чыгарууну тапшырды дегенди, “Кыргыз-өзбек университети улуттар аралык достуктун, илим-билимдин куттуу ордосу дегенди, Тарых музейинен “тазаланган” акчалар. УКМК текшере баштады дегенди, Ат майданынан даашап ийишкен дегенди, 9090 сомдук көчөттөр боюнча УКМК кылмыш ишин козгоду, аягы жок алтын чыры дегенди, “атаандаштыкка туруштук бере ала турган журналисттерди даярдоо учур талабы” дегенди окуй аласыз. Барактайлы. Президенттин иш күндөлүгүнөн орун алган макала өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары жана бүтүрүүчүлөрүнүн акыркы коңгуроо салтанатына катышкан учурдан даярдалып, президенттин “Кыргызстан илим-билимге умтулган жаштардын мамлекети”- деген сөзү менен аталды.

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"

  


Новости по дате