http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдө эки жаштагы бала катуу сабалып, ооруканага түштү

Ысык-Көлдө эки жаштагы бала катуу сабалып, ооруканага түштү

30 Май , 17:33 2926

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ата-энелердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам көптөгөн балдар зордук-зомбулукка кабылган учурлар көп. Жыл жаңыраары менен эле ур-токмокко алынган, арасында көз жумган наристелер боюнча өлкөдо бир канча учур катталган. Февраль айында Ош шаарында баласын депкир менен сабап өлтүргөн 24-жаштагы эненин зөөкүрлүгүнөн коомчулук алыстай электе, Балыкчы шаарында катуу сабалган 2 жаштагы наристе тууралуу үрөй учурган окуя орун алды. Алдын-ала маалыматтар боюнча баланы таажеңеси сабагандыгы айтылууда. Ысык-Көл ОИИБинен маалымдагандай, учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.    

Балыкчы шаарында сабалып ооруканага түшкөн 2 жаштагы баланы энеси 2 айдан бери инисинин аялына таштап, өзү Каракол шаарында иштеп жүргөн. Жолдошу кош бойлуу учурунда эле каза болгон экен. Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдиргендей, 27-май күнү саат 23:30дар чамасында Балыкчы аймактык ооруканасына 58 жаштагы аялдан билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө кошунасынын үйүндө кичине баланын ыйлаганы басылбай жатканын, байкашынча наристени үйдө жашаган келин уруп жатканын айтып, кабар берген. Айтылган дарекке барган ыкчам иликтөө тобу аталган үйдө 33 жаштагы келиндин жашаганы аныкталган. Үйдө анын 4 кичине баласы жана кайнежесинин 2 жаштагы баласы болуп жашаганы белгилүү болгон.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Новости по дате