http://www.ktrk.kg/Ирина Карамушкина: “Сапар Исаков кылмышка катыштыгы болсо жоопко тартылсын”

Ирина Карамушкина: “Сапар Исаков кылмышка катыштыгы болсо жоопко тартылсын”

31 Май 2018 , 7:41 2169

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Кычкыл тамаша же "Ачык Сөздүн" жаңы саны 13-палатага айланган “легендарлуу ак кеме” деген тема менен жарык көрдү. Бул темага жазылган биринчи бетиндеги саптар: Колуна кишен салынаарда эле безгек болгондой чет жактарга качмайлар башталат. Ошондуктан чучук сугунгандай миллиарддарды менчиктеп алган шылуундарды качырбоо максатында амалдарды ишке салуубуз талапка ылайык. Чукул арада жүрөгү чала согуп калгандар үчүн 13-палатаны уюштуруу зарылдыгы келип чыкты. Эгерде ушундай чара колдонсок мергенчи да, карышкыр да аман калаарына кепилдик бар. Тамашанын да ичинде чындыктын элементи болоорун айттырбай билишибиз кажет. Сал билек, сары майга мал билек болгон эрке талтаңдарды бапестеп багып албасак, карыздан кутулбайбыз деп какшык аралаш сөздөр менен  башталып кийинки бетинде бул ойлор “Тез арада 13-палатаны уюштурбасак болбойт” деген аталышта уланды. 

Бүгүн "Азия Ньюс" экс-президент Алмазбек Атамбаевди – Сапар, духту көтөр, сени камай албайт- деп сүйлөткөн тема менен жарыкка чыкты. Алгачкы бетинде орун алган ат жалындагы бир топ маектер бар. Анын бири ЖКтин депутаты Жанар Акаевден “Өкмөт ишин тарта албай чабалдыгын көрсөтүүдө” деп алынган. Платон менин досум деген аталышка дагы бир депутат Ирина Карамушкинанын “Сапар Исаков кылмышка катыштыгы болсо жоопко тартылсын”деген маегин койду. Журналисттин берген суроосуна депутат айым:- Мен ар дайым экс-президент Алмазбек Атамбаевдин демилгелерин, көз карашын, позициясын колдоп келгем. Азыр да колдойм. Ал “мамлекеттик структураларда коррупциялык иштерди жасагандарга кол тийбестик жок деген принципти карманчу. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков ал этапты улантып, коррупция менен күрөштү күчөтүп жатат. Эгер Сапар Исаковдун ТЭЦ боюнча алынган насыя акчаларга, кандайдыр бир афераларда, оңдоп-түздөө иштеринде катыштыгы болсо, ал далилденсе, жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейм. Бирок анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин сот органдары гана аныктай алат.

Кененирээк төмөндөгү аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате