http://www.ktrk.kg/С. Жээнбеков Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

С. Жээнбеков Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

1 Июнь 2018 , 8:29 999

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын кайрылуусунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер! 

Кыргызстанда 1-июнь кичинекей жарандарыбызды, балдарды коргоо күнү - дүйнө коомчулугу менен биргеликте өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгиленип келе жатат. 

Бул күн - балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын өмүрү менен ден соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн - жалпы коом жоопкер экенин дагы бир жолу эсибизге салган күн. Ар бир бала бактылуу балалыкка, татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу. Аны камсыз кылуу — биздин милдетибиз. 

Ден соолугу сак, акыл-эстүү жана адептүү баланы тарбиялоо үчүн аны оору-сыркоодон, зордук-зомбулуктан гана эмес, психологиялык жана маалыматтык тескери таасирлерден, зыяндуу адаттардан да калкалоо керек.

Мамлекет балдардын коопсуздугу, анын ичинде жол коопсуздугу, зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштердин натыйжалуулугун дагы күчөтөт.

Оорулуу жана майып балдар, кароосуз калгандар, айрым зөөкүрлөрдүн зордук-зомбулугуна туш болуп, кордолгон балдар өзгөчө камкордукка муктаж.

Урматтуу мекендештер!

Ар бир бала шык-жөндөмү, таланты менен жаралат. Аны ойготуу, өстүрүү керек. Ата-эненин, тарбиячынын мээримине, сүйүүсүнө бөлөнгөн балдар акыл-эси жетик, күйүмдүү, шыктуу болуп чоңоюшат. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнап, сырдаш бололу.

Кымбаттуу балдарым!

Бүгүнкү майрамдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун!

Силерге ар дайым жарык маанай, узун өмүр, тоодой бак-таалай каалайм. Баарыӊардын алдыга койгон максаттарыӊар, таттуу кыялдарыӊар ишке ашсын! Акылдуу жана чынчыл өскүлө, ата-энеңерге кайрымдуу болуп, элибиз сыйлаган, өз мекениңердин — биздин Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн мыкты инсандардан болгула!

Жараткан колдоп, турмуштагы сапарыӊар байсалдуу болсун!»


Новости по дате