http://www.ktrk.kg/"Миң Кыял ФМ" радиосу "Бала жылмайса, аалам жылмаят" кайрымдуулук акциясын өткөрдү

"Миң Кыял ФМ" радиосу "Бала жылмайса, аалам жылмаят" кайрымдуулук акциясын өткөрдү

1 Июнь 2018 , 14:39 1459

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-июнь балдардын эл аралык күнүнө карата КТРКнын "Миң Кыял ФМ" радиосунун жамааты "Бала жылмайса, аалам жылмаят" деп аталган кайрымдуулук акциясын өткөрдү. 

Жыл сайын уюштурулуп келген саамалык бул ирет Беловодск жана Маловодное айылдарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүндө болду. Уюштуруучулар камдап келген белек-бечкектерин беришип, коштоп барган ырчылар алар менен чогуу ырдап, ойноп балдарга мыкты маанай тартуулашты. 

Иш-чаранын максаты балдардын көңүлүн көтөрүп, башкаларды да кайрымдуулук иштерине тартуу болду.


Новости по дате