http://www.ktrk.kg/Бала бакчадагы балдардын кайрымдуулук концерти

Бала бакчадагы балдардын кайрымдуулук концерти

1 Июнь 2018 , 16:38 843

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүнкү майрам баш калаадагы №144 балдар бакчасында да белгиленди. Аларда бул күн беш жылдан бери кайрымдуулук иретинде өткөрүлүп келет. Бул жолу да "Мээримдүүлүктүн сандыгы" деген чакырык менен уюштурулуп, мында түшкөн каражаттар онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга берилди.



Жаштайынан ооруга чалдыккан Захар Селедков үчүн бул күн эң жагымдуу күндөрдүн бири болду. Анткени балдардын бүгүнкү шаңдуу ыр-бийлеринин бардыгы анын урматына арналып, маанайын көтөрдү. 216 бала тарбияланган бала бакчанын бардык жамааты Захардын айыгып кетишин Жараткандан тилеп, колдорунан келген жардамдарын аяшкан эмес.

Алты жаштагы Сагадат Алыбаева, Сахаба Парманкулов, Алина Хмызенко жана Сумая Исмаиловалар - бүтүрүүчү тайпадагылар. Алар мындай майрамдардын көп болушун жана чоңдордун ар дайым көңүл буруп турушун каалашат.

Ал эми балмуздак менен оюнчукту абдан жакшы көрөөрүн айткан Нурислам - ортоңку тайпанын тарбиялануучусу. Өтө дилгир жана зээндүү болгондугу үчүн тарбиячылары аны жакшы көрүшөт. Анын өзүнө окшош жөндөмдүү жана таланттуу достору да бар.



Новости по дате