http://www.ktrk.kg/Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда өзгөчө майрам уюштурулду

Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда өзгөчө майрам уюштурулду

1 Июнь 2018 , 16:49 2302

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Энени жана баланы коргоо улуттук борбору, анда дарыланып жаткан балдарга өзгөчө майрам уюштурду. Наристелердин көңүлүн көтөрүп, ар дайым чоңдордун колдоосуна, коргоосуна муктаж экенин эске салды.


Түрдүү дарт менен күрөшүп, республиканын бардык аймагынан чогулган бөбөктөр бул күнү эс алуу жайларына барып, балмуздак жеп, каруселдерге түшпөгөнү менен маданият кызматкерлери менен жолугуп, маанайлары көтөрүлдү. 


7 жаштагы Сезимайдын диагнозу кант диабети. Ал эки жылдан бери дарыланып, 1-июнду ооруканада атасы менен тосот. Балдарды коргоо күнү Сезимай татынакай көйнөк кийип, маанайы жакшы.

Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун короосу өзгөчө жасалгаланып, шаңдуу. Түрдүү дарт менен күрөшүп, республиканын бардык аймагынан чогулган кичинекейлер бул күнү эс алуу жайларына барып, бал муздак жеп, каруселдерге түшпөгөнү менен маданият кызматкерлери менен жолугуп, майрамдашты. Ырчылар ырдап, бийчилер бийлеп, ооруканада дарыланып жаткан 546 баланы, ата-энелери менен чогуу көңүлдөрүн көтөрүштү.

Балдарды коргоонун эл аралык майрамында борбор ачык эшик күнүн уюштурду. 31-майда башталган ачык эшикте көйгөйлүү оорусу бар балдар акысыз изилдөөдөн өтүп, алдыңкы дарыгерлердин кеп-кеңешин алууда. Ал эми аймактардагы оорулар менен телекөпүрө кеңештери өтүүдө. 



Новости по дате