http://www.ktrk.kg/"Кыргыз Туусу": Көз жаштан акча тапкандар көмүскө иштөөгө өтүштүбү?

"Кыргыз Туусу": Көз жаштан акча тапкандар көмүскө иштөөгө өтүштүбү?

5 Июнь 2018 , 5:01 1152

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

“Ар бир бала үй- бүлөдө чоңоюуга тийиш”- деп белгилеген өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун сөзүн тема кылып бүгүн "Кыргыз Туусу" жарык көрдү. Бул тема мамлекет башчынын өлкөнүн премьер министри Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алганы туурасында жазылган макалага коюлуп, анда президент бир катар багыттар: аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыгын,“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар жана милдеттер багытында маалымат алып, социалдык тармактын маселелерине, анын ичинде балдарды коргоо маселесине токтолгонун, жылдан-жылга балдар үйлөрүнүн саны көбөйүп жатканын, алардын санын кыскартуу үчүн бул системаны реформалоо керектигин, бала асырап алуу системасындагы бюрократияны азайтуу зарыл деп белгилеп, балдар интернаттарда жана балдар үйлөрүндө эмес үй-бүлөлөрдө чоңоюушу керектигин айткан учурдан жазылды. Президенттин иш күндөлүгүндөгү кийинки макала “Президент балдарга куру кол барган жок”- деп аталды.

Кегин алып деген "Фабула" гезити “Нарымбаевди Түлеев кан жалатып сабап салдыбы” деген теманы койду. Оңтойсуз суролоорун бул ирет үч адамга же ЖКтин үч депутатына жолдоду. ТЭЦ маселесинде коюлган суроолор Кожобек Рыспаевге, Каныбек Иманалиевге жана Осмонбек Артыкбаевге берилген. Суроонун мазмуну менен толук таанышам десеңиз, бүгүнкү "Фабуланы" караңыз. Андан ары депутатка тиешелүү соода жайынан казино табылды деп "Фабула" Бишкектеги Фрунзе+ соода жайындагы мыйзамсыз иштеп жаткан казино ачыкталды, маалымат айдыңында кумаркана жайгашкан соода жайы ЖКтин депутаты Кожобек Рыспаевге тиешелүү экени жазылууда дегенди алдыңкы бетине чыгарды. Ушул эле жерде “Росинбанк” акча адалдап иш кылабы? деген чакан маалымат бар. “Лейлектен Америкага илбирс секирик” деген аталыш Аскар Шадиевге карата коюлду. Темага улай “Аскарбек Шадиевдин качканына таң калуунун кереги жок” деген маек орун алган. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате