http://www.ktrk.kg/Бүгүн, Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа" тасмасынын бет ачары болот

Бүгүн, Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа" тасмасынын бет ачары болот

6 Июнь 2018 , 7:42 4984

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын 60 жылдыгына жана "Кыргызтелефильм" студиясынын 50 жылдыгына карата белгилүү режиссер Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа" фильми тартылып бүттү. 

Тасманын бет ачары бүгүн 6-июнда саат 17:00до Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө болот. Аталган кино Кыргыз эл жазуучусу, прозаик жана драматург Мурза Гапаровдун пьесасынын негизинде жазылган.

"Туздуу талаа" фильминин режиссеру,  Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровдун буга чейинки жараткан тасмалары улуттук кинонун өнүгүшүнө салымын кошуп, эгемендүүлүк алган жылдары Кыргыз мамлекетинин калыптанышына таасир берген.



Новости по дате