http://www.ktrk.kg/ЖК КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун эске алуу боюнча токтом кабыл алды

ЖК КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун эске алуу боюнча токтом кабыл алды

6 Июнь 2018 , 7:54 1486

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчётун эске алуу боюнча токтом кабыл алды. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-жылдагы иши тууралуу депутаттарга Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев жана корпорациянын башкы директору Илим Карыпбеков маалымат берди. 

Отчетто КТРКнын былтыркы жылы жетишкен ийгиликтери менен катар көйгөйлөрү да камтылган.

КТРКнын байкоочу кеңеши бир жылда төрт жолу жыйын өткөрүүгө милдеттүү болсо, былтыркы жылы жана быйыл жыл башынан бери 13 жолу жыйын болгон. Кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев анда материалдык-техникалык, каржылык-чарбалык жана контентке байланыштуу маселелер талкууланып, башкы директорго сунуштар берилгенин айтат.


Новости по дате