http://www.ktrk.kg/Ачык Сөз :“Шектелгендер четинен капканга түшө баштады, кезек кимде"?

Ачык Сөз :“Шектелгендер четинен капканга түшө баштады, кезек кимде"?

7 Июнь 2018 , 12:21 1483

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

“Кеп чынынан бузулбайт”деген ураандын алдында чыккан "Ачык Сөз" “Шектелгендер четинен капканга түшө баштады, кезек кимде деп, шектүү делгендердин сүрөтүн коюп бүгүнкү санын тартуулады. Теманын алдына- Калыстык үчүн айта кетели, коррупция менен күрөшүүнүн ыргагы баралына келе баштады. Коомчулуктун ичин чаңдаткан түркүн кептердин бүктөмүндө калбоо үчүн бийлик камчысын өйдө көтөрүп, шектелгендерди капканга чаптырганы боюнча аңыз кеп кетти. Арийне, кимдин кулагы коррупциялык схемадан көрүнсө, демек алар мыйзам чегинде жооп берүүсү тийиш. Мындан эч ким кынтык издөөгө акысы жок. Ошентсе да даңазалуу орунда турган мыкчыгерлерди да канатка калкалабай тийиштүү жазаларын берүү керектигин кеп кылгандар жок эмес. Эмне үчүн былык ишке мурдунан байланган башка төбөлдөр кутулуп кетиши керек? Ал тууралуу уламыштар жөн жерден айтылган эместир? Ошондуктан акыйкаттыктан четтебей калган шектүүлөрдү да колунан жетелеп келип суракка алышсын. Антпесе калыс тараза сыяктуу сыпатталган журтчулуктун ишенимине доо кетээри шексиз деген саптарды жазды.

Бүгүн "Азия Ньюс" Атамбаевден качып кетишкен Үсөнов, Сегизбаев жана Жолдубаева табылабы? деген теманын алдында жарык көрдү. Ток этери деген гезит Исаков менен Артыкбаев кандай жооп беришет болду экен дегенге чакан саптарды жазды. Бул санга Райымбек Матраимовдун “Менин кызматтан кетишиме коррупция эмес, эки аялдын жаңжалы себеп болгон” деген аталыштагы маеги басылды. Алгачкы бетине мушташты дешкен же Теңир Тоонун тебишкен “тентеги” деп экс-мэр Нариман Тулеевден “Нарымбаев учурашууга татыксыз адам” деп алынган жана президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаевден “Түлеев ар дайым калп айтып, арзан пиар кылып эле басып жүрөт” деген аталыштагы чакан маектери орун алган. Майлуу мекемелер деген гезит  ЖКтин депутаты Акылбек Жамангуловдун  “Мегакомдон” сырткары “Айыл Банк” менен "РСК Банктын” жетекчилеринин каржылык жагы текшерилет” деп берген маегин тааныштырат. Ушул эле жерде орун алган саясий талдоочу Максат Мамыткановдун “Шадиевди кармап келүүгө аткаминерлерди муктаж кылуу зарыл” деген маегин окуй аласыз. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате