http://www.ktrk.kg/Де-Факто: “Аңги-дүңгү” депутат Жолдошбаевге качан акыл кирет

Де-Факто: “Аңги-дүңгү” депутат Жолдошбаевге качан акыл кирет

8 Июнь , 15:11 2945

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

 “Аңги-дүңгү” депутат Жолдошбаевге качан акыл кирет деген теманы коюп бүгүн "Де-Факто" жарык көрдү. Ошондой эле Азат Базаркулов кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөнбү? же “Мегаком” уюлдук байланыш компаниясынын жетекчиси 700-800 миң сом айлык алаары өткөнкү жумадан бери коомдун талкуусуна түштү  дегенди, “Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” бирөө бар: Бул Жантөрө Сатыбалдиев дегенди, Айгүл Рыскулова министрликке келет экен: Ооба, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине келет экен. Келсин, иштесин. Рыскулова Таалайкүл Исакуновадан салыштырмалуу “төөлүк” өйдө эмеспи дегенди, медициналык академиянын мурунку аппарат башчысы Гапаровдун өлүмү боюнча ким күнөөлүү? дегенди, Алтай Бөрүбаев Нигматулин боюнча сыр ачты: же “Иним Абай” мезгилинен эрте чыккан адам болуп калды. Ал кезде экстрасенс, салттуу эмес медицина менен дарылоо дегендер Компартиянын идеологиясына каршы келип, жакын жолотчу эмес, куугунтукка алынчу...” деп айткандарын окуурубузду ушул эле биринчи бетинде жарнамалады. 

Кылтак деп, "Фабула" Исаков менен Кулматовду камоо өч алуубу? деген суроо коюлган теманы койду.  Гезиттин бул темасы баш макала болуп анда,коррупцияга каршы күрөш жаңы этапка, баскычка чыкканын, буга чейин Кыргызстандын тарыхында бир дагы премьер-министр коррупцияга айыпталып камалган эместигин, Исаковдун тагдыры кийинкилерге сабак болуп, бир дагы кол тийбес ыйык жан жок экенин, карапайым жарандардан тартып бийликтин эң бийик сересиндегилер  мыйзам алдында бирдей экенин сезүүгө тийиш деген ойду камтып, бир катар шектүү делип коомчулукта айтылып жүргөн айрым саясатчылар, депутаттардын ысымын атап, булар дагы көңүл сыртында калбаш керектиги белгиленет.

Эми "Кыргыз Туусун" алалы.  Алыска барчу алака деген расмий гезит “Экономикасы дүйнөдө 2-орунда турган Кытай менен кызматташуунунжаңы кырлары”  деген тема менен жарык көрдү. Бул тема эртең 9-июнда ШКУнун кезектеги саммити Циндао шаарында башталганы турганы маалымдалып, президентибиз Сооронбай Жээнбековдун  бул ири жолугушуунун алдында Кытай Эл Респуликасынын башчысы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Пекин шаарына барган мамлекеттик иш сапары кенен баяндалды. Аны “Ааламдык иш чаранын алдындагы иш сапар” деп аталган макаладан кеңири таанышасыз. Июнь окуясына 8 жыл деген Кыргыз Туусу “Кандуу күндөрдү кайталабоонун сабактары” деген макаланы окурмандардын назарына койду. Өкмөттөн алынган жаңылыктар “Акча коммерциялык банктардын жана ипотекалык компаниянын кирешесин өстүрүү үчүн бөлүнгөн.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате