http://www.ktrk.kg/Нарындын Ак-Талаа районунда 7 гектар жерге алма көчөтү отургузулду

Нарындын Ак-Талаа районунда 7 гектар жерге алма көчөтү отургузулду

11 Июнь 2018 , 16:47 4768

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Алманын “Старкримсон” түрүн жеке ишкер Кылыч Исамамбетов атайын Түркия мамлекетинен алып келген. Бул көчөттөр бир жыл ичинде эле мөмөсүн берүүгө даяр болот экен.

Бул үй-бүлө көчөттөрдү жаш баладай эле карап жатышат. Таң эрте суу куюп, эртеден кечке алма бактарды айланып жүрмөй. Албетте жумшаган эмгектеринин акыбети кайтаар кези келгенде үй-бүлөлүк кирешени толтурарында шек жок. 

Алманын “Старкримсон” түрү биздин өлкөнүн климатык шартына туура келет. Муну атайын адистер текшерип, далилдеген. Көчөт 2, 3 мертге чейин өсүп, бир жылдан кийин эле түшүм бергенге даяр болуп калат. Эл эмгегин жер жебейт демекчи бул көчөттөрдү жеке ишкер Кылыч Исамамбетов Түркиядан алып келди. 

Жалпы он миңден ашык түптү отургузуп, алардын айрымдары гүлдөп да жатат. Ишкер муну менен өз айылындагы ар бир үй-бүлөнүн жашоосун жакшыртуу максатын көздөгөн. Кылыч мырза бул алманын жаңы түрүн 7 гектар жерге айдады. Анын аймакты өнүктүрүүдөгү жаңыча оюу айылдаштарына да дем берип, келээрки жылы ар бир үй алма отургузууга бел байлап жатышат. 






Новости по дате